Бишкектин түштүгү ("Юг Бишкека")
Бул кейстин алкагында биз Бишкек шаарынын Мэриясынын жана Архитектура башкы башкармалыгынын стратегиялык көз карашын курулуш компанияларынын, билим берүү мекемелеринин жана аймак тургундарынын кызыкчылыктары менен бириктирип, сапаттуу жашыл коомдук мейкиндиктерди түзүүгө багыт алабыз.
Мындай мейкиндиктерди түзүү шаар тургундарынын жашоо сапатын жогорулатууга, райондордун жагымдуулугун күчөтүүгө жана девелопердик объектилер үчүн узак мөөнөттүү баалуулукту калыптандырууга мүмкүндүк берет. Бул кейс мамлекет, бизнес жана коомчулук ортосундагы экосистемалык өнөктөштүк жандуу, суроо-талапка ээ жана туруктуу шаардык чөйрөлөрдүн өнүгүшүнө алып келерин көрсөтөт.